Иракта кандуу кагылышуу болду

Иракта террордук айыптоо менен изделген кишилер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында кагылышуу чыкты.

1754945
Иракта кандуу кагылышуу болду

Иракта террордук айыптоо менен изделген кишилер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында кагылышуу чыкты. Окуяда 20 адам каза болду.

Ирак армиясына караштуу Бабил операциялары командирлиги тарабынан берилген маалыматка караганда Бабил шаарында бир үйдө террордук айыптоолор менен изделген эки кишиге карата жүргүзүлгөн операцияда кагылышуу чыкты.

Ал учурда үйдөгү адамдар коопсуздук күчтөрүнө ок атты. Коопсуздук күчтөрү жооп кайтарып, кагылышууда бир үй  - бүлөдөн 20 адам каза болду.

Билдирүүдө коопсуздук күчтөрүнөн каза болгон же жаракат алгандардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар