Ирактагы Айн ал-Асад базасына ракеталык чабуул жасалды

АКШ башында турган ДЕАШка каршы коалициянын өкүлү полковник Уэйн Маротто социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

1670272
Ирактагы Айн ал-Асад базасына ракеталык чабуул жасалды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскерлери жайгашкан Ирактын Айн ал-Асад базасына ракеталык чабуул жасалды.

АКШ башында турган ДЕАШка каршы коалициянын өкүлү полковник Уэйн Маротто социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, «Айн Асад базасына жергиликтүү убакыт боюнча саат 14: 45те 3 ракета менен чабуул жасалды. Ракеталар базанын айланасына кулап түштү. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок»,деген сөз айкашын колдонгон.

Маротто кол салууга жооп болгон-болбогону жөнүндө маалымат берген жок, ал ким тарабынан болгонун да түшүндүрө алган жок.



Тектеш кабарлар