Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтөт
Израилдин Газага чабуулдарынан 243 палестиналык курман болду.
Кытай, 10-майдан бери Израилдин кол салууларынан жабыркаган палестиналыктарга чукул жардам көрсөтөөрүн билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Цао Лисиан борбор шаар Пекинде өткөргөн пресс-конференцияда, Пекиндин палестиналыктарга шашылыш гуманитардык жардам иретинде Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигине 1 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады.
Маалымат катчы Цао ошондой эле Палестинага 200 миң доза коронавирус (Ковид-19) вакцинасын жөнөтөбүз деп жарыялады.
Кытайдын Улуттук өнүктүрүү кызматташтыгы агенттигинин өкүлү Тянь Лин шашылыш гуманитардык жардамдын чабуулдарда жаракат алгандарды дарылоого жана үй-жайсыз калгандарга башпаанек берүүгө колдонула тургандыгын билдирди.
10-майдан бери уланып келе жаткан Израилдин Газага чабуулдарынан 243 палестиналык, алардын 66сы балдар жана 39у аялдар курман болушту.