Еврей отурукташуучулар палестиналыктарга кол салды

Еврей отурукташуучулардын басып алынган Чыгыш Кудста палестиналыктарга ок атуусу менен 2 адам жаракат алды.

1640377
Еврей отурукташуучулар  палестиналыктарга кол салды

Еврей отурукташуучулардын басып алынган Чыгыш Кудста палестиналыктарга ок атуусу менен 2 адам жаракат алды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAда берилген кабарга караганда еврей отурукташуучулардын Чыгыш кудстагы Шуафат кварталында палестиналыктарга ок аткандыгы билдирилди.

Кол салууда 2 палестиналыктын жаракат алгандыгы жана ооруканага алып барылгандыгы белгиленип, абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Жергиликтүү булактар жаралуу палестиналыктардан бирөөсүнүн колунан, бирөөсүнүн да курсагынан жаракат алгандыгын маалымдады.

Басып алынган Чыгыш Кудс менен Батыш Шериада 750 миңге жакын еврей отурукташуучу бар. Көпчүлүгү куралдуу болгон еврей отурукташуучулар палестиналыктардын турмушун дагы да татаалдаштырууда.



Тектеш кабарлар