Кундуздар кабелдерди кемирип, 900 үйдүн интернет байланышы үзүлдү

Канаданын Британ Колумбиясында 900 үйдүн интернети үзүлүп, 60 телекөрсөтүү эфирге чыга алган жок жана жергиликтүү уюлдук телефон кызматтары үзгүлтүккө учурады.

1629395
Кундуздар кабелдерди кемирип, 900 үйдүн интернет байланышы үзүлдү

Канадада кундуздар интернет кабелдерин кемирип 900 үйдүн интернети үзүлдү.

Канаданын Британ Колумбиясында 900 үйдүн интернети үзүлүп, 60 телекөрсөтүү эфирге чыга алган жок жана жергиликтүү уюлдук телефон кызматтары үзгүлтүккө учурады.

Байланыш жана телерадиоберүү кызматын көрсөткөн компанияларга 36 саатка созулган үзгүлтүк боюнча телефон аркылуу билдирүүлөр келип  топтор аракетке өтүштү.

Үзгүлтүктүн себебин изилдеген топтор кундуздардын бир топ жерде байланыш кабелдерин кемиргендигин билдиришти.

Уя салуу үчүн дайыма жаңы материал издеген кундуздардын дарыянын жээгинен жер астын казып кабелдерге жеткендиги байкалды.

Топтор көптөгөн саатка созулган аракеттен кийин интернет жана башка кызматтардын ишке киришине шарт түздү.



Тектеш кабарлар