Бангладеш аракандык мусулмандарды Бхасан Чар аралына жөнөттү
Бүгүнкү топту ташыган 3 кеменин порт шаары Патенгадан жолго чыккандыгы, кечээ жиберилген топтун да Бхасан Чар аралына жеткендиги белгиленди.
![Бангладеш аракандык мусулмандарды Бхасан Чар аралына жөнөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8c69/b8c8/bc0b/602b85373793f.jpg?time=1719286104)
Эл аралык каршы чыгууларга карабастан аракандык мусулмандарды Бхасан Чар аралына өткөрүп берүүнү уланткан Бангладеш, 3 миңден ашуун аракандык мусулман качкынды аралга жөнөттү.
«Dhaka Tribune» гезитинин жаңылыктарына караганда бангладештик жетекчилер, Аракандык мусулман качкындарды аралга өткөрүп берүү программасынын 4-этабында кечээ 2010 ал эми бүгүн 1009 аракандык мусулмандын материктен 34 чакырым алыстыктагы Бхасан Чар аралына жөнөтүлгөндүгүн билдиришти.
Бүгүнкү топту ташыган Бангладештин деңиз флотуна таандык 3 кеменин порт шаары Патенгадан жолго чыккандыгы, кечээ жиберилген топтун да Бхасан Чар аралына жеткендиги белгиленди.
2020-жылдын декабрында ишке ашырылган программанын биринчи жана экинчи этабында 3446, январь айындагы үчүнчү этабында болсо 3200 аракандык мусулман аралга жөнөтүлдү.