Ооганстандагы кол салуулар...
Ооганстанда Талибан кол салуулары тыйылбай жатат.
![Ооганстандагы кол салуулар...](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/110b/c3ec/b1c3/5f047c6a84742.jpg?time=1719065538)
Ооганстандын Урузган провинциясында бир айылдын күзөтчүсү 4 кесиптешин тапанча менен өлтүргөн.
Урузган губернаторунун басма сөз катчысы Зилгей Ибади басма сөзгө берген маалыматында Урузган шаарынын Чинарак районундагы полиция бекетинде иштеген бир айылдын күзөтчүсү 4 кесиптешин тапанча менен өлтүргөнүн билдирди.
Ибадинин айтымында, Талибан менен байланышы бар деп эсептелген айылдын күзөтчүсү куралдарды алып полиция бөлүмүнөн качып кеткен.
Бир тараптан, өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд провинциясынын Нахри Сирак районундагы аскер бекетине бомба жүктөлгөн эки унаа тарабынан жасалган кол салууда 2 аскер каза болду.
Хелманд губернаторлугунун өкүлү Өмер Зувак кол салуудан 3 аскер жаракат алганын билдирди.
Азырынча кол салууну эч ким мойнуна ала элек.
Тектеш кабарлар
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719065539)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
![АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/058b/8927/e4a0/66767f465b7f3.jpg?time=1719065539)
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.