Трамп Германиядагы АКШ аскерлери тууралуу билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Германиядагы аскерлеринин санын 25 000ге түшүрөрүн айтты.
1436874
![Трамп Германиядагы АКШ аскерлери тууралуу билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/66dd/440d/a990/5ed61ce8bdf62.jpg?time=1719035902)
АКШнын президенти Дональд Трамп Германиядагы аскерлеринин санын 25 000ге түшүрөрүн айтты.
Дональд Трамп Ак үйдө өткөрүлгөн бир жыйында сөз сүйлөдү.
Трамп Германиядан аскерлерди чыгаруу чечимине байланыштуу : «Германиядагы аскерлерибиздин санын 25 000ге түшүрөбүз. Билгилүү болгондой Германия НАТОнун төлөмдөрүнө кайдыгер мамиле кылат. НАТОго миллиондогон доллар карызы бар. Алар төлөбөсө эмне себептен биздин аскерлерибиз ал жерде болушу керек»,- деди.