Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус тууралуу маалыматтар
Кытайда ушул күнгө чейин 4 634 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 830 46га жетти.
Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 414 260тан ашты. Вирус жугузгандардын саны 7 миллион 347800дөн, айыккандардын саны 3 миллион 627 230дан жогорулады.
Кытайда ушул күнгө чейин 4 634 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 830 46га жетти. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматта акыркы 24 саатта 3 кишиде вирустун аныкталганы жана бул кишилердин өлкө тышынан келгендиги билдирилди. Вирустан каза болгондордун болбогону маалымдалды.
58 киши каза болгон Таиландда акыркы 24 саатта вирус жугузган 4 киши аныкталды. Ушундайча вирус жугузгандардын саны 1125ке чыкты.
Түштүк Кореяда 276 киши вирустан каза болуп, вирус жугузган киши саны 11 902ге жогорулады.
Японияда 24 саатта 2 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 935ке, бейтап саны да 180 7 болду.
Иранда вирустан 8 506 киши каза болуп, Чахармахал - Бахтияри аймагындагы Эрдел районунда тойго катышкан 118 кишиге вирус тести жасалды. 40 кишинин тести позитив чыкты. Райондун акими Махмуд Кияни той жана жаназа зыйнаттарынын бейтап санын арттырганын жана мындан кийин мындай аземдерди өткөргөндөр тууралуу мыйзамдуу чаралардын көрүлөрүн айтты.
Россияда Ковид - 19дан күнүмдүк каза болгондордун саны өсүүдө. Акыркы бир күндө каза болгон киши саны 216га көбөйүп, 6 358ге жетти. Бейтап саны 493 657ге, айыккандардын саны 252 783кө жогорулады. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков СННге берген маегинде Ковид - 19 бейтап санына караганда өлүм саны азайгандыктан Россияда маалыматтар төмөн көрсөтүлүүдө деген сөздөргө кошулбаганын айтты. Өлкөдө саламаттык сактоо системасынын мыкты экенин жактаган Песков : «Өлкөбүздө көп сандаган Ковид - 19 тести жасалууда. Канчалык көп тест кылсаңыз ошончолук вирусту ортого чыгарасыз»,- деди.
Ушул кезге чейин вирустан 9 киши каза болгон Иорданияда 14 кишиде дагы вирус аныкталып бейтап саны 845ке жогорулады.
Палестинада 5 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 661ге жетти.
Египетте Ковид - 19дан каза болгондордун саны 306га жетип, 1385 кишиге вирустун жугушу менен жалпы вирус жуккан бейтап саны 36 829га жогорулады.
Бириккен Араб Эмираттарында 2 кишинин дагы каза болушу менен өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 283кө жогорулады. Жалпы вирус жуккан киши саны 39 904 болду. Эл аралык Адам Укуктарын Иликтөө Уюму Бириккен Араб Эмираттарындагы эң аз 3 абакта вирустун аныкталганын белгилеп, жетекчилерди чукул түрдө чакыруу салууга чакырды.
Жалпы Африка материгинде Ковид - 19дан каза болгондордун саны 5 568ге жетти. Түштүк Африкада болсо каза болгондордун саны 1162ге, Алжирде 724кө, Суданда 389га, Нигерияда 365ке, Камерунда 212ге, Мароккодо 210гө жогорулады.
Пакистанда 2 255 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 113 702 болду.
Сингапурда болсо 25 киши каза болуп, 38 956 кишиде вирус аныкталды. Абалы оор бейтаптар үчүн Американын Gilead Sciences дары фимасы чыгарган "Remdesivir" аттуу дарынын колдонулушу бекитилди.
Башка кээ бир өлкөлөрдө вирустан каза болгондордун саны төмөнкүдөй :
Индияда 7 745, Бангладеште 975, Сауд Арабияда 783, Белорус жана Катарда 62 киши.
Тектеш кабарлар
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.