Жаңы оору пайда болдубу?

Нигерияда белгисиз оорудан 150 киши каза тапты.

1403276
Жаңы оору пайда болдубу?

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Кано аймагында белгисиз оорудан 150 киши каза тапты.

Амину Кано билим берүү ооруканасынын жугуштуу оорулар департаментинин директору Исау Абубакар, аймакта жума күнүнөн бери азырынча аныкталбаган илдеттин айынан 150 кишинин көз жумгандыгын кабарлады.

Абубакар каза тапкандардын көпчүлүгүнүн 60 жаштан жогоркулар экенин айтты.

Буга коронавирустун да себеп болушу мүмкүн экенин билдирген Абубакар: «Ар кайсы оорулар да болушу мүмкүн бирок кыска мөөнөттүн ичинде мынчалык кишилердин каза болушу нормалдуу эмес»,-деди.

Нигериянын жалпысында Ковид-19дун себебинен 22 киши каза болуп, 665 кишиде вирус аныкталды.



Тектеш кабарлар