Батышта коронавирус ылдам жайылып баратат

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус улам ылдамдап жайылып баратат.

1372558
Батышта коронавирус ылдам жайылып баратат

Италияда жаңы тип коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандарын саны 107ге жетти.

Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери, чара көрүү катары 15-мартка чейин жабылды.

Греманияда Ковид-19 эмидемиясы аныкталган киши саны 262 болсо, дагы 45 киши ооруга кабылган Францияда бейтап саны 257ге жетти.

Вирус 2 жан алган Испанияда вирусту жуктаргандардын саны 30га көбөйүп 190га жетти, өлкөдө алгач ирет балдарда дагы коронавируска кездешилди.

Ковид-19 жуккан киши саны Грецияда 9га, Данияда 10, Хорватияда 10, Нидерландияда 38, Австрияда 27, Чехияда 8, Англияда 87, Швейцарияда 77ге жетти.

Жаңы тип коронавирус Европанын берки өлкөлөрүнө дагы жайылууда.

Босния-Герцеговина, Словения,Польша жана Венгрияда алгачкы Ковид-19 оорулары кездешилди.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, өлкөсүндө 2 кишиде тесттер позитив болуп чыкканын жарыялады.

Вирус белгилегген 2 кишинин Венгрияда билим алып жаткан Ирандын атуулдары болгонун белгилеген Орбан, булардын ооруканада дарыланып жаткандарынын маалыматын бөлүштү.

Польшанын саламаттаык сактоо министри Лукаш Шумовский болсо Германияга барып өлкөгө кайткан бир кишидеги тесттердин позитив болуп чыкканын жарыялады.

АКШда жаңы тип коронавирус «Ковид-19) эпидемиясыынын себебинен каза болгондордун саны 11ге жетти.

АКШ Конгресси Ковид-19 жугуштуу оорусу менен күрөшүүгө 7,8 миллиард доллардык каражат бөлүнүшү боюнча макулдашууга жетишти.



Тектеш кабарлар