Трамптын билдирүүсү
Трамп расмий Твиттер баракчасынан Башар Асад режими, Иран жана Орусиянын Идлибдеги кол салууларына каршылык көрсөттү.
1330345
![Трамптын билдирүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1dff/f5e2/317d/5e04c7292fcf1.jpg?time=1719304354)
АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркиянын Сириянын Идлиб шаарындагы кыргынды токтотуу үчүн аракет кылып жатканын билдирди.
Трамп расмий Твиттер баракчасынан Башар Асад режими, Иран жана Орусиянын Идлибдеги кол салууларына каршылык көрсөттү.
Идлибдеги кол салууларды токтотууга чакырган АКШнын президенти: «Орусия, Сирия жана Иран Идлибде миңдеген күнөөсүз адамды өлтүрүүдө же өлтүргөнү жатат, муну кылбагыла. Түркия кыргынды токтотуу үчүн аракет жасоодо»,-деди.