Йемендеги хусилер коалицияга таандык учакты атып түшүрдү
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнөн бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок.
![Йемендеги хусилер коалицияга таандык учакты атып түшүрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2713/fc7b/8034/5dc1279e53862.jpg?time=1719045995)
Йемендеги хусилер өлкөнүн түндүгүндөгү Сада шаарында Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнө таандык бир чалгындоо учагын атып түшүрүшкөндөрүн билдиришти.
Хусилерге таандык Ел - Месире телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда хусилердин аскердик катчысы Яхя Сери коргонуу механизмдеринин Сауд Арабиянын Нежран аймагынын маңдайындагы Садага караштуу Суз аймагында коалиция күчтөрүнө таандык бир чалгындоо учагын атып түшүргөндүгүн белгиледи. Сери чалгындоо учагын атып түшүрүү үчүн колдонгон курал түрүнө байланыштуу маалымат берген жок.
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнөн да бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719045996)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.