Чилиде болгон митингдерде 23 киши каза тапты

Митингдерге катышуу төмөн болгонуна карабастан өлкөнүн түрдүү жерлеринде митингдер улантылууда.

1298280
Чилиде болгон митингдерде 23 киши каза тапты

Чилиде эки жумадан бери болуп жаткан өкмөткө каршы митинг жана күч колдонууда каза болгондордун саны 23кө жетти. Чили прокуратурасы соцтармакта берген маалыматта өлкөдө 19 – 26 -  октябрда жарыяланган чукул абал боюнча өткөрүлгөн митингдерде 23 кишинин каза болгондугун жана териштирүүлөрдүн улантылып жаткандыгын жарыялады.

Маалыматта каза болгондордун 16сынын талап тоноо жана өрт коюу окуяларында, 5нин коопсуздук күчтөрү менен кирген кагылышууда, 2сүнүн да камоого алынгадан кийин каза болгондугу белгиленди.

Өзгөчө күйүп каза болгондордон 1 кишинин ким экендиги белгилене албагандыгы бирок изилдөө ишинин улантылып жаткандыгы билдирилди.

Бир тараптан катышуу төмөн болгонуна карабастан өлкөнүн түрдүү жерлеринде өкмөткө каршы митингдер улантылууда.

 



Тектеш кабарлар