Нигериянын Борно штатынын губернатору Бабагана Зулум эл аралык коомчулукка чакыруу жасады

Нигериянын Борно штатынын губернатору Бабагана Зулум өлкөнүн түндүк - чыгышында террордук уюм Боко Харамдын кол салууларынан улам жер которгон 1 миллион 200 миң кишинин жайгашуусу үчүн эл аралык коомчулукка «колдоо чакырыгын» жасады.

2144073

Губернатор Бабагана Зулум  билдирүүсүндө лагерлерде баш калкалагандардын арасында Чад жана Нигер жарандарынын да бар экенин белгилеп : "Бул абал азыр да тынчсыздантуучу анткени жер которгон кишилер өкмөт жана кайрымдуулардан келген жардамдар менен жашап жатат бирок бул улантыла турган эмес. Эл аралык коомчулукка бул кишилерди кайрадан жайгаштыруу үчүн бизге жардам берүүгө чакырабыз",- деди. 

Зулум Борнодо коопсуздук абалдын жакшы экенин жана качкындардын 80 пайызга жакынынын үйлөрүнө кайтканын белгиледи.

Нигерияда 2000 - жылдардын башында чыккан Боко Харамдын  2009 - жылдан бери уланып келе жаткан массалык зомбулук акцияларында миңдеген адам каза болду.

Уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды жасоодо. 

Тектеш кабарлар