Орусия ЙПГ/ПККны эскертти

Песков Түркия менен Орусиянын ортосунда кечээ түзүлгөн макулдашууга байланыштуу маалымат берди.

1293100
Орусия ЙПГ/ПККны эскертти

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, террордук уюм ЙПГ/ПККны Сирия чек арасынан чыгып кетиши боюнча эскертти.

Песков Түркия менен Орусиянын ортосунда кечээ түзүлгөн макулдашууга байланыштуу маалымат берди.

АКШнын акыркы жылдарда террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн эң жакын шериктеши болгонун белгилеген Песков: «Мунун жыйынтыгында АКШ аларды таштап кетти жана бир жагынан кыянаттык кылды. Эми аларды чек арада таштап түрктөр менен согуштурууну тандап жатышат»,-деп айтты.

Песков макулдашуунун алкагында террордук уюм ЙПГ/ПККнын чек арадан чыгышы керектигин баса белгилеп: «Эгерде чыгып кетишпесе Сирия чек ара коопсуздугу жана орус аскердик полициясы чегинүүгө аргасыз болот. Орусия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында чыгып кетпеген учурда түрк армиясы алардын үстүнөн өтүп кетет»,-деди.



Тектеш кабарлар