Меркель менен Путиндин телефондогу сүйлөшүүсү
Германиянын өкмөт катчысы Штеффен Зайберт, жазуу түрүндөгү жарыясында канцлер Меркель менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечээ телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгонун белгиледи.
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украина, Сирия жана Ливиядагы акыркы абалды сүйлөштү.
Германиянын өкмөт катчысы Штеффен Зайберт, жазуу түрүндөгү жарыясында канцлер Меркель менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечээ телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгонун белгиледи.
Сүйлөшүүнүн чордонунда Нормандия форматында жакынкы убакта боло турган саммиттин даярдыктарынын орун алганын айткан Штеффен Зайберт, телефондогу сүйлөшүүдө айрыкча Сирия жана Ливиядагы акыркы абал менен Украина аркылуу газ өтүшүнүн улантылышы түрүндө жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн каралганын билдирди.
Нормандия форматы Украина кризисине чечүүчү жол табылышы үчүн Германия, Франция, Орусия жана Украина тарабынан түзүлгөн. Бул форматта бул өлкөлөрдүн лидерлери катыша турган саммиттин качан боло турганы тууралуу күн азырынча жарыялана элек.
Тектеш кабарлар
Байден: «НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү»
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.