Террордук уюм ЙПГ/ПКК операцияны укканда дүрбөлөңгө түштү

Террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алуусу астындагы Хасеки шаарына караштуу Расул Айн районунда чек арага жакын жерде казылган туннелдерге көмүлүшү үчүн бетон блокторду ташып жатканы белгиленди.

1283160
Террордук уюм ЙПГ/ПКК операцияны укканда дүрбөлөңгө түштү

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК чек арага жакын жерде казылган туннелдерге көмүш үчүн бетон блокторду ташып жатат.

Сирияда АКШнын террор менен күрөшүү шылтоосу менен колдоого алган террордук уюм ЙПГ/ПКК, басып алуусу астындагы Хасеки шаарына караштуу Расул Айн районунда чек арага жакын жерде казылган туннелдерге көмүлүшү үчүн бетон блокторду ташып жатканы белгиленди.

Түркия жана Эркин Сирия армиясынын Евфрат дарыясынын чыгыш жагында ыктымалдуу аскердик операция жасай турганы боюнча дүрбөлөңгө түшкөн террордук уюмдун бетон блок ташуу иштери, Расул Айндын маңдайындагы Жейланпынардан көрүндү.

Бир тараптан бир күн бою убак-убагы менен Расул Айндын үстүндө АКШнын тик учаарларынын күзөт кылып учканы байкалды.

Бул кыймылдуулук болуп жаткан чек ара багытында Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык зооттолгон унаалар тыгыз күзөт иштерин улантууда.



Тектеш кабарлар