Антарктидадан 315 миллиард тонналык муз бөлүндү

2017 -  жылы да Ларсен С муз шельфинен 5 миң 800 километрдык жана 1 триллион тоннага жакын салмактагы бир муз  бөлүнгөн

1279772
Антарктидадан 315 миллиард тонналык муз бөлүндү

Антарктиданын түндүк чыгышындагы Эмери муз шельфинен 315 миллиард тонна салмактагы муз тоосунун континенттен бөлүнгөндүгү билдирилди.

БиБиСиде берилген кабарга караганда «Д28» деп аталган 1636 километр квадрат кеңдикте жана 210 метр калыңдыктагы муз тоосу 1960 -  жылдан бери Эмери муз шельфинен бөлүнгөн эң чоң масса болду.

Эмери муз шельфинин континенттин чыгыш бөлүгү үчүн дренаж функциясын аткаргандыгына көңүлдөрдү бурган илимпоздор аянттан муз толкундарынын бөлүнүшүнүн нормалдуу экендигин, мунун глобалдык климаттык алмашуудан эмес экендигин белгилешти. Кемелерге зыянын тийгизиши мүмкүн болгон муз  спутник менен иликтөөгө алынды.

Антарктидада 2017 -  жылы Ларсен С муз шельфинен 5 миң 800 километрдык жана 1 триллион тоннага жакын салмактагы бир муз  бөлүнгөн.



Тектеш кабарлар