Керкүктө ДЕАШка карата операция жүргүзүлдү

Операцияда 14 террорист жок кылынды.

1224932
Керкүктө ДЕАШка карата операция жүргүзүлдү

Ирактын Керкүк аймагында ДЕАШ террордук уюмга караштуу 14 террорист жок кылынды.

Ирак коргоо министрлигине караштуу Террор менен күрөшүү күчтөрү тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Керкүктө өлкөдөгү аскердик коалицияга караштуу аскердик учактар жардам берген операцияда ДЕАШ мүчөсү 14 террористтин жок кылынгандыгы жана уюмдун лидер кадрынан бир кишинин колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.

Маалыматта Керкүк аймагынын борборундагы Вахде районунда болгон операциянын эки күнгө созулгандыгы жана көп сандаган курал менен уюмдун документтеринин колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.

ДЕАШ акыркы учурларда өлкөнүн чыгышындагы Дияла, түндүктөгү Керкүк жана Селахаддин шаарларына бат – бат кол салууда.

Багдат башкаруусу 2017 -  жылдын декабрь айында өлкөнүн жерлеринин ДЕАШ террордук уюмдун колунан куткарылгандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар