АКШдагы кызамык эпидемиясы

АКШда Нью – Йорк жана башка бир топ аймакта чыккан кызамык эпидемиясында 2019 -  жылдын башынан бери катталган оорулуу саны 800дөн ашты

1200671
АКШдагы кызамык эпидемиясы

АКШда Нью – Йорк жана башка бир топ аймакта чыккан кызамык эпидемиясында 2019 -  жылдын башынан бери катталган оорулуу саны 800дөн ашты.

АКШнын ооруну текшерүү жана алдына алуу борбору бир топ аймакта чыккан кызамык эпидемиясы тууралуу актуалдуу маалыматтарды билдирди.

Маалыматта Нью – Йорк жана башка өлкөнүн 23 аймагында чыккан кызамыкта 2019 -  жылдын башынан бери 839  кызамык оорулуусунун катталгандыгы белгиленди.

Өзгөчө өткөн жумадан бери 75 кызамык оорулуусунан 66сынын Нью – Йоркто экендиги такталгандыгы баса белгиленди.

АКШда бул жылдын башынан бери катталган кызамык оорулары акыркы 25 жылдын эң жогорку чегине жетти.

АКШ 2000 -  жылы кызамыкты толугу менен жеңгендигин жарыялаган бирок бул жылы кызамык оорусу кайрадан күч алды.

Нью – Йорк шаарында айдын башында өзгөчө еврейлер көп жашаган аймактарда жайылган кызамык оорусунан улам чукул түрдө өзгөчө абал жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар