Афганстанда Талибан кол салуусу

Кол салууда 5 коопсуздук кызматкери каза болду.

1198206
Афганстанда Талибан кол салуусу

Афганстандын түндүгүндө полиция пунктуна Талибан мүчөлөрүнүн кол салуусунда 5 коопсуздук кызматкери каза болду.

Белх коопсуздук директорлугунун катчысы Адилшах Адил басма сөзгө берген маалыматта Талибан мүчөлөрүнүн Хулумдагы полиция пунктуна кол салышынан кийин кагылышуу чыккандыгын белгиледи.

Кагылышууда 5 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун айткан Адил 6 коопсуздук кызматкеринин жаралангандыгын айтты. Адил кагылышууда Талибан мүчөлөрүнүн да жоготууга учурагандыгын белгиледи. Талибандан азырынча маалымат бериле элек.

 



Тектеш кабарлар