Кабулда бомбалуу кол салуу

Кол салууда 9 киши жараланды.

1197376
Кабулда бомбалуу кол салуу

 Афганстандын борбор шаары Кабулда чет элдик бир мекеменин офисинин алдында жасалган бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 9 киши жараланды.

Афганстандын ички иштер министрлигинин катчысы Насрат Рахими Шехри Нев аймагында ''Counterpart'' аттуу эл аралык мекеменин офисинин алдында бомбалуу кол салуу жасалгандыгын айтты.  

Кол салуудан кийин бир канча кол салуучунун имаратка кирип кагылышуунун башталгандыгын айткан Рахими аймакка көп сандаган коопсуздук кызматкеринин жиберилгендигин белгиледи.

Афганстан саламаттык сактоо министрлиги кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 9 кишинин жаралангандыгын билдирди.

Кол салуунун күчү менен тегеректеги үй жана иш жерлеринин айнектери сынып, аймакка барган бардык проспектилер жабылды. Кол салуунун жоопкерчиилигин азырынча моюнга алган болгон жок.



Тектеш кабарлар