Лавров-Арреаза жолугушуусу

Эки министр Москвада жолугушту.

1195426
Лавров-Арреаза жолугушуусу

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Венесуэладагы төңкөрүш аракетине байланыштуу АКШны эл аралык мыйзамдардын алкагында кыймыл кылууга чакырды.

Лавров өлкөсүнө келген Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза менен баш калаа Москвадагы жолугушуусунун алдында маалымат берди.

Венесуэладагы төңкөрүш аракетине сереп салган Лавров: «Каракаста күч менен бийликти тартып алууга аракет кылынышы албетте демократиялык процесс менен тиешеси жок. Бул аракет, кризистин саясий жолдор менен чечилүүсүнө балта чабууда. Мындай аракеттин улантылышы жаман жыйынтыктарды алып келет» ,-деди.

Президент Путиндин АКШнын президенти Трамп менен эки күн мурда телефондо сүйлөшкөнүн эске салган Лавров: «АКШны жана колдоочуларын жоопкерчиликсиз пландарынан баш тартууга жана бир гана эл аралык мыйзамдардын алкагында кыймыл кылууга чакырабыз»,-деп айтты.

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза да өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн кандайдыр бир күч тарабынан бузулбай турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар