Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди

Шанахан Түркияга келгиси келет.

1186385
Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди

АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан Түркияга F-35 учактарын тапшыргандан кийин баш калаа Анкарага келгиси келгенин билдирди.

Албаниянын коргоо министри Отла Хачка менен АКШнын Коргоо министрлигинде жолуккан Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Америка-түрк кеңешинин 37-жылдык конференциясынын алкагында Вашингтонго барган улуттук коргоо министри Хулиси Акар менен өткөргөн жолугушуусуна баа берген Шанахан «Кайда туңгуюк бар, кантип чечебиз» деген суроого жооп издеп жаткандарын айтып: «Биз позицияларга караганда кызыкчылыктарга көбүрөөк басым жасайбыз»,-деди.

Шанахан эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда илгерилөө камсыздагандарын белгиледи.

Түркиянын стратегиялык өнөктөш экенин айткан АКШнын коргоо министринин орун басары: «Хулиси Акар менен жолугушуу мени кубантат. Түркияга биргелешкен чабуул коюучу F-35 учактарын тапшыргандан кийин аны менен жолугушкум келгенин айттым»,-деди.

Бул учурда Сириянын түндүгүндө курулуусу пландалган коопсуз аймак темасы күн тартипте туруктуу бойдон турат.

Пентагондун катчысы Чарльз Саммерс коопсуз аймак темасында Түркия менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн иштиктүү өткөнүн айтты.



Тектеш кабарлар