Парижде сары кемселчендердин митингине тыюу салынды

Сары кемселчендердин кыймылы 5 -  айын толтурду.

1186382
Парижде сары кемселчендердин митингине тыюу салынды

Францияда сары кемселчендердин ишемби күнү борбор шаар Парижде Нотр  - Дам чиркөөсүнүн тегерегинде өткөрүүнү пландаган митингине тыюу салынды.

Париж коопсуздук директорлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта сары кемселчендердин ишемби күнү Париждин Champs-Elysees проспектиси жана тегерегинде митингге чыгуусуна уруксат берилбегендиги белгиленди. Маалыматта дүйшөмбү күнү чыккан өрттө чоң зыян тарткан 856 жылдык Нотр  - Дам чиркөөсүнүн тегерегинде митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыгы билдирилди.

Француз жетекчилер өткөн жумаларда да сары кемселчендердин Париждин  символдорунан Champs-Elysee проспектиси жана тегерегинде митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Күйүүчү майлардын баасынын көтөрүлүшүнө жана начар экономикалык шарттарга каршылык көрсөтүү үчүн башталган бирок андан кийин президент Еммануэль Макрон башкаруусуна каршы митингдерге айланган сары кемселчендердин кыймылы 5 -  айын толтурду.



Тектеш кабарлар