Ооганстандагы жарылуудан балдар жабыркады
Лагман аймагында миномет жарылды.
1183251
Ооганстандын Лагман аймагында минометтун жарылуусунан 7 бала каза тапты.
Лагман губернаторлугунун басма сөз катчысы Асадуллах өз билдирүүсүндө, Лагмандын борбордук Мехтарлам шаарында минометтун жарылуусунан 7 бала каза тапканын айтты.
Жарылууда 8 кишинин жаракат алганын билдирген Асадуллах, ооруканага жеткирилген жаралуулардын абалынын жакшы экенин белгиледи.