АКШ Венесуэладагы Элчилик кызматкерлерин чыгарып кетет

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, социалдык медиа барагынан бөлүштү.

1161609
АКШ Венесуэладагы Элчилик кызматкерлерин чыгарып кетет

АКШ, Венесуэладагы Элчилигинде кызмат кылган бардык кызматкерлерин ушул аптанын ичинде чыгарып кете турганын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, социалдык медиа барагынан берген маалыматында, «АКШ, Венесуэладагы элчилигинде орун алган бардык кызматкерлерин ушул аптада чыгарып кетет. Бул чечим Венесуэладагы начарлап кеткен абалды жана АКШ Элчилигиндеги дипломатиялык кызматкерлердин болушу АКШнын саясатында чектөө абалына айланганынын жыйынтыгын чагылдырууда»,-деп бөлүштү.

АКШнын Мамлекеттик демартаменти, январь айында Венесуэладагы АКШнын Элчилигинде кызмат кылган экинчи даражадагы кызматкерине өлкөнү таштап кетүүсүнүн буйругун берген, бирок биринчи даражадагы кызматкерлер кызматын уланта турганын жарыялаган болчу.

Буйруктун Венесуэладагы АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген 150 чакты кызматкердин коопсуздугун камсыздоонун кыйын богону үчүн чакыртылганы, буга карабастан борбор шаар Каракастагы Элчиликтин ачык болушун уланта турганы белгиленген.



Тектеш кабарлар