Трамп-Ким саммити

Тарыхый жолугушууга саналуу сааттар калды.

1153285
Трамп-Ким саммити

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дагы бир жаңы тарыхый жолугушууну өткөрүүдө.

Эки лидердин ортосундагы жолугушуунун Вьетнамдын баш калаасы Ханойдо жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.30да (Түркия убактысы боюнча саат 14.30да) башталаары жана негизги саммиттин эртең өткөрүлө турганы билдирилди.

Трамп менен Ким Чендин ортосундагы экинчи саммитке саналуу сааттар калганда Ак үй Трамптын саммиттеги программасы тууралуу маалымат берди.

Буга караганда эки лидердин ортосунда орто эсеп менен 20 мүнөткө созулушу пландалган бетме-бет жолугушуудан кийин делегациялар да катыша турган кечки сый тамакка барылат.

Ак үй эки лидердин эртеңки саммит календарынын мазмуну тууралуу болсо кеңири маалымат берген жок.

Трамптын Ханойдо Вьетнамдын президенти Нгуен Фу Чонг жана премьер-министр Нгуен Суан Фук менен кезигээри күтүлүп жатат.

АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, 2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөрүлгөн тарыхый саммитте биринчи жолу жолугушуп жана бар катар келишимге кол коюшкан.

Трамп акыркы билдирүүсүндө Ким менен дагы бир ийгиликтүү саммит өткөрө тургандарын, ошондой эле Түндүк Кореянын ядролук куралдардан тазалануусу темасында шашылбай тургандарын айткан эле.



Тектеш кабарлар