Кытайда мамлекет башчысынын саясатын жаюуга чөнтөк телефону тиркемеси иштелип чыкты

Коммунистттик партиянын орто эсеп менен 90 миллион мүчөсүнө жүктөө мажбурдуулугу киргизилиши менен «Суеши» дароо өлкөнүн эң популярдуу тиркемесине айланды.

1146327
Кытайда мамлекет башчысынын саясатын жаюуга чөнтөк телефону тиркемеси иштелип чыкты

Кытай өкмөтү, мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин ой-пикирлерин жайыш үчүн чөнтөк телефонго тиркеме жүктөөнү ойлоп тапты.

Коммунистттик партиянын орто эсеп менен 90 миллион мүчөсүнө жүктөө мажбурдуулугу киргизилиши менен «Суеши» дароо өлкөнүн эң популярдуу тиркемесине айланды.

Тиркеменин толук аты «Күчтүү өлкө үчүн иште». Бирок «Иште» (Суеши) сөзүнүн акыркы эки тамгасы Кытайдын лидеринин атын камтыйт жана иш жүзүндө «Си үчүн иште» деген түшүнүктү берет.

«Кызыл» тиркеме, чөнтөк телефонун колдонуучулардын бир топ муктаждыгын камсыздаш үчүн долбоорлонгон.

Колдонуучулар, тиркемеден акыркы мамлекеттик медиа кабарларына жете алат, видеолуу издөө жасай алат жана жолдошторуна кызыл конверттердин ичинде акча жөнөтө алат.

Ал эми Англияда чыккан «Гуардиан» гезитине караганда бул ишке ашыруунун эң маанилүү өзгөчөлүгү, колдонуучуларына Кытайдын лидеринин ар башка темалардагы ой-пикирлерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн бериши.

Бул тиркеме жумалык сынактарды да камтыйт. Си туурасында суроолор суралган сынактарды билгендер балл топтоп сыйлыкка ээ болот.

Айрым кызматкерлер жетиштүү балл топтой албаганы үчүн башкаруучулардын кысымы астында болгонун айтып чыгышты.

Кытайдын Твиттери деп билинген Weibo барагындагы  сереп салууда, «Сынактарда жетиштүү балл топтой албасаңыз кыйын абалда каласыз. Эми бардыгы тең балл топтош үчүн жандалбас урууда»десе, башка бир кодонуучу күнүгө балл тизмелөөсүнүн жарыяланганын айтты.

Синин провинцияларга жасаган сапарларын да камтыган тиркеме үчүн Hubeiде тартылган бир видеодо окуучулар, жумушчулар, кызматкерлер, полиция кызматкерлери жана аскерлер «Кытайды бир гана иштөө менен (Сини) күчтүү кыла алабыз»,-деп кыйырып турушат.

Суеши бул аптанын ичинде Apple аппараттарында WeChat жана TikTokтон ашып эң көп арзандатылган ишке ашыруу болду.

Хенан провинциясында Коммунисттик партиянын мүчөлөрүнө Суешинин жайылтылышы үчүн буйрук жөнөтүлдү жана тиркемеге мазмун кошо турган «кабарачы жана серепчи» топтору түзүлүүсү талап кылынды.



Тектеш кабарлар