Помпео Европага сапар жасайт

Майк Помпео беш өлкөдө жолугушууларды өткөрөт.

1141084
Помпео Европага сапар жасайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 11-15-февралда Венгрия, Словакия, Польша, Бельгия жана Исландияга сапар жасайт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Роберт Палладино жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүгө караганда Помпео, 11-февралда Венгриянын баш калаасы Будапештке барат жана бул жерде Венгриянын премьер-министри менен катар жогорку деңгээлдеги ысымдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

12-февралда Словакиянын борбор шаары Братиславага жөнөй турган Помпео, бул жерде Словакиянын президенти менен катар жогорку деңгээлдеги саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ушул эле күнү Варшавага бара турган Помпео, бул жерде да польшалык кесиптеши менен жолугат.

Андан соң Брюсселге жөнөй турган Помпео, Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини менен Венесуэла кризиси сыяктуу көптөгөн темада пикир алмашат.

Брюсселден Исландиянын баш калаасы Рейкьявикке өтө турган Помпео, 15-февралда Европа сапарын аяктап АКШга кайтат.



Тектеш кабарлар