Мексикада топ киши көмүлгөн мазар табылды

Мексика Улуттук Статистикалык Институтунун маалыматтарына караганда Колима ар бир 100 миң кишиде 113 кылмыш менен 2017 -  жылы өлкөнүн эң жогорку кылмыш катнашына ээ аймак болду.

1140651
Мексикада топ киши көмүлгөн мазар табылды

Латын Америка өлкөсү Мексиканын түштүк батышында Тынч океандын жээгиндеги Колима аймагында топ киши  көмүлгөн мазар табылды.

Колима аймактык прокурорлугунан берилген маалыматта Текоман аймагына караштуу Санта Роса районундагы бир аянтта 11 мазардан 19 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы билдирилди.

Аймактын губернатору Хосе Игнасио Перальта Санчес да аянтта казуулардын улантылып жаткандыгын, дагы көп сөөктүн табылышын күтүп жатышкандарын белгиледи.

Аймакта олуттуу бир уюмдашкан кылмыш маселесинин болгондугуна көңүлдөрдү бурган Санчес азырынча кайсы кылмыш уюмдарынын жооптуу экендигин билишпегендерин, сөөктөр тууралуу ДНК иликтөөлөрүн дайынсыз жоголгон киши маалыматтары менен салыштыруу менен жыйынтык чыгарууга аракет кылышарын айтты.

Мексика Улуттук Статистикалык Институтунун маалыматтарына караганда Колима ар бир 100 миң кишиде 113 кылмыш менен 2017 -  жылы өлкөнүн эң жогорку кылмыш катнашына ээ аймак болду.



Тектеш кабарлар