Молдованын президентинин жоопкерчиликтери  колунан алынды

Додонун жоопкерчиликтери 2017 – 2018 -  жылдын өкмөт жана премьер  - министр Филип тарабынан сунуш кылынган ысымдарды дайындоону четке каккандыгы үчүн 3 жолу алынган.

1055813
Молдованын президентинин жоопкерчиликтери  колунан алынды

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда Конституциялык сот премьер  - министр Павел Филип тарабынан 2 министрликке сунуш кылынган ысымдарды дайындоону четке каккан президент Игорь Додонун жоопкерчиликтеринин убактылуу түрдө алынышына чечим чыгарды.

Чечим Додонун айыл  - чарба, аймактык өнүгүү жана экология менен саламатытк сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрликтерине сунуш кылынган Николай Жибуж жана Сильвиа Радуну четке кагышынынан кийин өкмөт мүчөсү болгон Демократ партиясынын депутататрынын Конституциялык сотуна кайрылышы менен чыгарылды.

Сот чечими боюнча парламент башчысы президенттин милдетин аткарат.

Президент Додон болсо социалдык медиа эсебинен чечимге каршы чыкты. Додон сунушталган ысымдарда министр болуу шарттарынын жок экендигин билдирди. Додон : «Конституциялык соттун сотторунун профессионалдуулук жана көз карандысыздыгы тууралуу абдан чоң маселелери бар»,- деди.

Додонун жоопкерчиликтери 2017 – 2018 -  жылдын өкмөт жана премьер  - министр Филип тарабынан сунуш кылынган ысымдарды дайындоону четке каккандыгы үчүн 3 жолу алынган.



Тектеш кабарлар