Сауд Аравияда аялдардын жардамчы учкуч болушунун жолу ачылды

Сауд Аравиянын 2030  көз карашында аялдардын иш дүйнөсүнө кошулушун 22 пайыздан 30 пайызга чыгаруу максат кылынууда.

1049776
Сауд Аравияда аялдардын жардамчы учкуч болушунун жолу ачылды

Сауд Аравияда аялдарга өлкө тарыхында биринчи жолу жардамчы учкуч жана стюардесса болуунун жолу ачылууда.

Борбору Сауд Аравия болгон Flynas аба жолу фирмасынын твиттер эсебинен берилген маалыматта жардамчы учкуч жетиштирүү программаларына сауд аравиялык аялдарды кабыл алуунун башталгандыгы жарыяланды. Маалыматта программага катышууну каалаган аялдардын Сауд Аравия жарандыгы жана 35 жашынан өтпөгөн, жок дегенде орто мектепти бүтүрүү аттестаты менен авиациялык сертификатынын болуу шарты бар.

Бир тараптан Сауд Аравия борбору болгон «Сабк» кабар сайтында орун алган кабарга караганда Flyadeal аба жолу фирмасы да 20 аял, 15 эркек стюардессанын алынары белгиленди.

Король Селман бин Абдулазиз 26 -  сентябрда жарыялаган жарлыгы менен аялдардын да айдоочу күбөлүгүн алып 24 -  июндан бери унаа айдоо жолу ачылган.

Сауд Аравиянын 2030  көз карашында аялдардын иш дүйнөсүнө кошулушун 22 пайыздан 30 пайызга чыгаруу максат кылынууда.



Тектеш кабарлар