Ирандык динчилдин кайрылуусу же өлкөдөгү кырдаал...

Айетуллах Жевад Амули, өлкөсүндө элди күч менен кармап туруунун аягы жакшылкка алып барбасын билдирди.

1024016
Ирандык динчилдин кайрылуусу же өлкөдөгү кырдаал...

Ирандын эң белгилүү динчилдеринен бири Айетуллах Жевад Амули, өлкөсүндө элди күч менен кармап туруунун аягы жакшылкка алып барбасын билдирди.

Түндүк Тегеран аймагынын коопсуздук башкармалары менен өткөргөн жыйналышында Амули: «Коопсуздук кызматкерлердин милдети өлкөдөгү коопсуздукту сактоо, аны  ишеничтүү абалга айландыруу. Калкты күч менен башкаруунун аягы азап менен бүтөт» - деди.

Амули, коопсуздук күчтөрүнүн аракет кылып элди тынчтандыруу жолуна өтүшү жана алдын алуучу чаралар катары кутумдарды ачыкка чыгаруулары керектигине басым жасады.

Амули апрель айында Эмгек министри Али Ребий менен өткөн чогулушта өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдү айтып өткөн. Ал: “ Эгерде калк көтөрүлсө баарыбыз деңизге чөгөбүз”,-деп айткан.

Доллардын баасынын көтөрүлүшү дагы өлкөдөгү бир катар экономикалык жагдайларга таасирин тийгизген.

Өкмөттүн экономика тармагында алдын алуулары доллардын кунун төмөндөтө алган жок, рынокто болуп жаткан кризистин таасирин дагы да күчөттү. Эркин базар экономикасында доллардын баасы 10 миң түменден ашып кетти.

Валюта курсундагы капыстан жогорулоо элдин сатып алуу күчүн азайтып, ишканалар жабылды жана жумушсуздук барган сайын көбөйгөн Иранда социалдык медиа түйүндөрүнөн “жалпы иш таштоого” чакырык салынууда.



Тектеш кабарлар