Грециядагы өрт

Өрттөн каза тапкандардын саны 91ге жетти.

1021905
Грециядагы өрт

Грециянын борбор шаары Афинага жакын жердеги өрттөн каза тапкандардын саны 91ге жетти.

Грециянын Өрт өчүрүүчү кызматы да дайынсыз жоголгон 25 кишини издеп жатат.

6 күндөн бери табылбай жаткан 25 киши үчүн издөө иштеринин уланганы белгиленди.

Айрыкча жандандыруу бөлүмүндө жаткан 4 кишинин каза болушу менен бирге көз жумгандардын саны 91ге жеткени билдирилди. Өрттөн жабыркаган 59 кишинин аты-жөнүнүн такталгандыгы белгиленди.

Апааттын себебинен каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаттары да уланып жатат.

Борбор шаарга орто эсеп менен 25 километр алыстыктагы токой аянтында чыккан өрт, катуу шамалдын себебинен ылдам түрдө отурукташуу жерлерине жайылып кеткен.

Өрттөн каза тапкандардан тышкары 180ден ашуун киши жаракат алып, миңден ашуун үй зыянга учараган жана жүздөгөн унаа күлгө айланган болчу.


Этикеткалар: #өрттөн , #Грециянын

Тектеш кабарлар