Орусия АКШны Сирия тууралуу күнөөлөдү

Орусия АКШнын Сириянын түштүк батышындагы араздашууну азайтуу аймагындагы милдеттерин орундатпагандыгын билдирди.

1018342
Орусия АКШны Сирия тууралуу күнөөлөдү

Орусия АКШнын Сириянын түштүк батышындагы араздашууну азайтуу аймагындагы милдеттерин орундатпагандыгын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун ортосунда өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ тарабынан Орусияны күнөөлөгөндүгү эске салынды.

АКШнын Сириянын түштүк батышында араздашууну азайтуу аймагында Орусиянын милдетин орундатпоо менен күнөөлөгөндүгү белгиленген маалыматта булар билдирилди : «Чындыгында бул абалдын тескери экендигин баса белгилегибиз келет. Көптөгөн айлардан бери түштүк батыш араздашууну азайтуу аймагында оппозициячылдардын ДЕАШ жана Ел – Нусра террордук уюмдардан бөлүнүшү үчүн Вашингтон тарабынан эч нерсе аткарылбады».



Тектеш кабарлар