Иракта шайлоо үкөктөрү өрттөндү
Иракта шайлоо үкөктөрү сакталган кампада өрт чыкты.
989877
![Иракта шайлоо үкөктөрү өрттөндү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9387/7924/4984/5b1d336926202.jpg?time=1719218036)
Иракта Ички иштер министрлигине караштуу булактардан алынган маалыматка караганда Багдадда шайлоо үкөктөрү сакталган эң чоң кампада өрт чыкты.
Министрликтин катчысы Саад Ман, өрт өчүргүчтөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.
Ирак парламенти 12-майда өткөн шайлоого жасалмалоо аралашканы үчүн добуштардын кайрадан кол менен саналып чыгышына чечим чыгарган болчу.