Иракта 13 ДАИШ террористи өлтүрүлдү
Салахаддин облустук парламенттин коопсуздук комиссия мүчөсү Мехди Таки : «Салахаддин облусунун чөл аймагында террордук уюм ДАИШ террористтерине каршы башталган операция жуманын акырына чейин улантылат»,- деди
987238
Ирактын Салахаддин облусунда террордук уюм ДАИШке каршы башталган операцияда 13 террорист жок кылынды.
Салахаддин облустук парламенттин коопсуздук комиссия мүчөсү Мехди Таки : «Салахаддинге караштуу Самарра районунун жакынында баштатылган операцияда 13 ДАИШ мүчөсү өлтүрүлдү»,- деди.
Операциянын аймакта кызмат кылган коопсуздук күчтөрүн бутага алган кол салуудан кийин баштатылгандыгын белгилеген Таки : «Салахаддин облусунун чөл аймагында террордук уюм ДАИШ террористтерине каршы башталган операция жуманын акырына чейин улантылат»,- деди.