Трамптын гольф комплексине кол салуу жасалды

Кол салуучу жаралуу кармалды.

974636
Трамптын гольф комплексине кол салуу жасалды

АКШнын Флорида аймагында бир киши президент Дональд Трамп ээси болгон гольф комплексине куралдуу кол салды. Дорал шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:30да болгон окуяда кол салуучу Трампка таандык Улуттук Дорал гольф клубуна барып түздөн түз Америка байрагын түшүрдү андан кийин лобби бөлүмүндө Трампка каршы сөздөрдү айтып туш – тарапка ок атты.

Коопсуздук кызаткерлеринин окуя болгон жерге келиши менен кагылышуунун чыккандыгын белгилеген Майами-Дейд полиция  шефи Хуан Перес : «Кол салуучу оболу шыпка ок атып коопсуздук кызматкерлеринин келишин күттү. Тузак курууну каалады. Тузак курду бирок кагылышууда ийгидиктүү боло албады»,- деди. Перес кармалган кол салуучунун кагылышууда жаралангандыгын жана бир полициянын да колунун сынгандыгын белгиледи. Маселе тууралуу териштирүү улантылууда.



Тектеш кабарлар