Орусия: «С-400 системалары чыгарыла баштады»
Орусия Түркия үчүн С-400 ракеталык коргонуу системаларын чыгарууда.
958594
Орусиянын курал соодасы менен алектенген мамлекеттик ишканасы Рособоронэкспорттун жетекчиси Александр Михеев, Түркияга бериле турчу С-400 ракеталык коргонуу системаларын чыгара баштагандарын айтты.
Орус кабар сайты Спутникке маалымат берген Михеев, келишимди ишке ашырып жаткандарын белгилеп, азырынча тапшырып берүүнүн баштала электигин билдирди.
Александр Михеев: «Өндүрүш башталды. Бул боюнча айрым процесстер, баскычтар бар. Бардык нерсе сүйлөшүлдү, жоопкерчилигибизди орундатабыз»,-деди.
Орусиянын коргоо өнөр жайы ишканасы Ростехтин жетекчиси Сергей Семезов, Түркиянын Орусиядан 4 даана С-400 ракеталык коргонуу системасынын батереясын 2.5 миллиард долларга сатып алганын билдирген болчу.