Ганада элдин 27 пайызы гана таза суу колдонууда

Ганада 6 миллионго жакын киши күнүмдүк суу муктаждыгын кара суу жана дарыялардан камсыздап жатат.

934352
Ганада элдин 27 пайызы гана таза суу колдонууда

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Ганада  таза сууну элдин 27 пайызы гана колдонууда. Ганада иш алып барган Эл аралык суу жана санитария борборунун төрагасы Вида Дути өлкөнүн бир гана 27 пайызынын таза суу колдоно алгандыгын белгиледи. Дути 2030 -  кылга чейин өлкөнүн баарын таза сууга жеткирүүнү максат кылгандыгын айтып, мунун баарынын негизги укугу экендигин белгиледи.

Дути : «Максатыбызды ишке ашыруу үчүн бир гана өкмөттүн, жарандык коом уюмдарынын жана тейлөөчүлөрдүн эмес, булардын тышында уруу лидерлери менен медианын да бизге колдоо көрсөтүшү керек»,- деди.

Ганада 6 миллионго жакын киши күнүмдүк суу муктаждыгын кара суу жана дарыялардан камсыздап жатат. Ушуга караганда өлкөдө чыккан оорулардын 70 пайызы таза болбогон суу жана гигиеналык санитариядан улам келип чыгууда.



Тектеш кабарлар