Рекс Тиллерсон Кенияда ден соолугуна байланыштуу жолугушууларын токтотту

Тиллерсондун ден соолугунда олуттуу бир нерсенин жок экендиги билдирилди.

926728
Рекс Тиллерсон Кенияда ден соолугуна байланыштуу  жолугушууларын токтотту

Африка турунун негизинде Кенияга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон ден соолугуна байланыштуу борбор шаар Наиробидеги биринчи күнкү жолугушууларын токтотту.

АКШнын тышкы иштер кеңешчиси Стив  Гольдштейн тарабынн берилген маалыматта Тиллерсондун өлкөсүндө Түндүк Корея сыяктуу маселелерди чечүү үчүн катуу иштөөсү менен өзүн жакшы сезбегендигин, ушул себептен Кениядагы биринчи күнкү жолугушууларын токтоткондугу белгиленди.

Маалыматта Тиллерсондун ден соолугунда олуттуу бир нерсенин жок экендиги, токтотулган биринчи күнкү программасынын кийинки күндөрдө кайрадан улантылары билдирилди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Африка саякатынын негизинде Эфиопиядан кийин бүгүн Кенияга барган болчу. Дүйшөмбү күнгө чейин Кенияда болору күтүлгөн Тиллерсон андан кийин Жибути, Чад жана Нигерияга барат.



Тектеш кабарлар