Макрон АКШга Кудус боюнча сын айтты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Франциядагы еврей уюмдарынын башында турган мекемеси CRIFтин тамагына катышып сөз сүйлөдү.

925265
Макрон АКШга Кудус боюнча сын айтты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын президенти Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары деп жарыялоосунун жаңылыш болгонун айтты.

Макрон, Франциядагы еврей уюмдарынын башында турган мекемеси CRIFтин тамагына катышып сөз сүйлөдү.

Өлкөсү менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы абалдар жана өзгөчө «Ирандын Сирия, Ливан жана Ирактагы аскердик күчтөрүнүн коркунучу» туурасында чогуу иштешип жатканын айткан Макрон, Кудустун статусу тууралуу болсо, «Чындап айтыш керек болсо АКШнын президенти Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары катары жарыялап, (Израиль жана Палестинанын ортосунда) болуп жаткан маселелерге чечүүчү жол табууга салым кошпогонун ойлоодомун. Ал эмес аймакта коопсуздук абалын жакшырткан жок. Ушул жагынан алганда бул чыныгы жаңылыштык болуп эсептелет»,-деп айтты.

Чыгыш Кудусту 1967-жылы 5-июнда басып алган Израиль, 1980-жылы бир тараптуу түрдө шаардын чыгышын жана батышын «бириккен борбор шаары» деп жарыялады. БУУнун коопсуздук кеңеши 1980-жылы кабыл алган 478 номердүү токтом менен Израилдин аннекциялоо жана борбор шаар жарыялоосун жараксыз деп эсептеди. БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомунун алкагында АКШ менен катар эл аралык коомчулук Чыгыш Кудустун басып алуу астында экенин кабыл алды. Израиль башкаруучулугун тааныган бардык өлкөлөрдүн элчиликтери Тель-Авивде орун алды. Эч бир өлкө Кудусту же чыгыш же батыш бөлүмдөрүн борбор шаар деп кабыл алган жери жок.

Изаиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү, Израилдин «1967-жылдагы чек араларын мажбур көчүүгө аргасыз кылынган палестиналыктардын артка кайтуу укугун жана жаңы Еврей отурукташуу бөлүмдөрүнүн курулушун токтотууну кабыл албоосунун» себебинен 2014-жылдын апрель айында токтоп калган.



Тектеш кабарлар