Экватордо чочко тумоосу

Экватордо акыркы үч айда чочко тумоосунан улам 84 киши каза болду.

912174
Экватордо чочко тумоосу

Экватордо акыркы үч айда чочко тумоосунан улам 84 киши каза болду. Экватор саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери ноябрь айынын ортосунан бери 84 кишинин чочко тумоосунан улам каза болгондугун, 1081 кишиге да чочко тумоосу диагнозунун коюлгандыгын билдирди.

Саламаттык саткоо министринин орун басары Карлос Дуран 2, 5 миллион кишиге эмдөө жасалгандыгын жана 4 миллионго жакын чочко эмдөөсүнүн колдонууга даяр экендигин белгиледи. Жетекчилер эмдөөлөрдүн 65 жаштан улуу кишилерге, кош бойлуу аялдарга, 5 жаштан кичүү балдарга жана өнөкөт оорусу бар кишилерге жасалгандыгын белгиледи. Эмдөө кампаниясынын апрель айында өлкөнүн баарын камтый тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар