Венадагы Сирия жыйыны

Орусиянын Сочи шаарында келерки жумада өткөрүлө турган Сирия диалог конгрессинен мурда Венада орчундуу жыйын өткөрүлүүдө.

897778
Венадагы Сирия жыйыны

Орусиянын Сочи шаарында келерки жумада өткөрүлө турган Сирия диалог конгрессинен мурда Венада орчундуу жыйын өткөрүлүүдө.

Австриянын борбор шаары Венада Женева сүйлөшүүлөрүнүн тогузунчу турунун негизинде өткөрүлгөн атайын жыйындын күн тартибин Сочидеги улуттук диалог конгрессине даярдыктар түзүүдө.

Венада кечээ башталган сүйлөшүүлөрдө тараптар Сочиде да каралышы пландалган Конституция  комитетинин түзүлүшү тууралуу сүйлөшүүдө.

Сириялык оппозициячылдар түзгөн сүйлөшүү комитетинин катчыларынан Яхя Ариди максаттарынын саясий өткөөлдүн жол картасын сызган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2 миң 254  номердүү чечимин турмушка ашыруу экендигин айтты.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стефан де Мистура жыйындардын биринчи күнүндө оппозиция жана режим делегациясы менен сүйлөштү. Жыйындардын бүгүн да улантылышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар