Трамп менен Мэй Давосто жолугушту
Жолугушуудан кийин маалымат берген АКШнын президенти Трамп эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын күчүнө токтолду.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Британиянын премьер - министри Тереза Мэй Дүйнөлүк экономикалык форуму өткөрүлүп жаткан Давос шаарында жолугушту.
Жолугушуудан кийин маалымат берген АКШнын президенти Трамп эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын күчүнө токтолуп : «Сиздерге бир нерсе болгондо жаныңыздардабыз жана сиздер үчүн күрөшөбүз»,- деди.
Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын келерки жылдын ичинде дагы да артарын белгилеген Трамп : «Бул процесс биз сүйлөшүп жатканда эле башталган»,- деди.
Тереза Мэй да : «Британия менен АКШнын ортосундагы карым – катнаш улантылат»,- деди. Эки өлкөнүн бирдикте болорун баса белгилеген Мэй : «Себеби бүткүл дүйнөдө ошол эле маселелер менен бетме – бет келип турабыз. Сиздин да айтканыңыздай бул маселелерди жеңүү үчүн бирдикте иштеп жатабыз»,- деди. Мэй Британия менен АКШнын ортосунда эки өлкөнүн да пайдасына боло турган дагы жакшы соода карым – катнашынын түзүлүшүнөн үмүт кылышкандарын айтты.