Тунисте эл кайрадан митингдерге чыгышты

Митингдерде 300дөн ашуун киши камоого алынды.

886454
Тунисте эл кайрадан митингдерге чыгышты

 2010 -  жылы араб жазы башталган Тунисте турмуштун кымбатчылыгы элди кайрадан аракетке өткөрдү. Үч күнгө созулган митингдерде 300дөн ашуун киши камоого алынды.

Ички иштер министрлигинин жалпы өлкөдөгү окуяларда 49 коопсуздук кызматкеринин жаралангандыгын билдирди. Борбор шаар Тунистин батышында чогулган бир группа таштанды контейнерлери жана резиналарды өрттөп баалардын өсүшүнө каршылык көрсөттү.

Бир тараптан митингдер премьер  - министр Юсуф Шахид менен оппозициядагы солчул Элдик фронттун ортосунда бири бирин күнөлөөлөргө жол ачты.

Премьер  - министр Шахид өлкөдөгү митингдерде болгон талап  - тоноо жана күч колдонгон окуяларын артында чагымчылдар менен Элдик фронттун көкүтүүсүнүн жаткандыгын айтты. Элдик фронт болсо күч колдонулган окуялардан өкмөттү жооптуу деп жатат.



Тектеш кабарлар