ПЙД-ДЕАШ кызматташтыгы...

Террордук уюм ПЙД/ЙПГнын ДЕАШтын мүчөлөрү менен болгон макулдашуусунун башка өңүттөн тартылган видоелору басма сөзгө чагылышты.

877783
ПЙД-ДЕАШ кызматташтыгы...

Террордук уюм ПЙД/ЙПГнын ДЕАШтын мүчөлөрү менен болгон макулдашуусунун видеолоруна жаңылары кошулду.

ДЕАШка мүчө террористтер менен үй-бүлөлөрүнүн АКШнын жол башчылыгындагы коалициялык күчтөр жана жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын биргелешкен операциясы менен Раккадан коопсуз түрдө чыгарылышы тууралуу жаңы видеолор басма сөзгө чагылышты.

Аты аталган макулдашуу тууралуу ПЙДнын тарткан видеолорунда ДЕАшка мүчөлөрдү ташыган унаалардын Раккадан кантип чыкканын көрсөтүп турат.

Ноябрь айынын акырында чөнтөк телефону менен тартылган видеолордо ПЙДнын бир террорист мүчөсү, «Бул видеону биз тарттык. Дагы деле колубузда турат. Аларды өз көздөрүм менен көрдүм. ДЕАШтын мүчөлөрү чыгып жатышканда дан эгин контейнерлеринин жанында күзөттө элем. Бир топ ДЕАШтык бар болчу, корккон жокпуз»,-деп айтууда...



Тектеш кабарлар