Израиль полициясынын мыкаачылыгы...
Израиль полициясы Акса мечитинин чептеринин жанындагы тарыхый Мусулман Баб эл-Рахме көрүстөнүн басып кирип палестиналык эки жаш уланды токмоктоп кармап кетти.
Израиль полициясы басып алуу астындагы Чыгыш Кудуста (Иерусалим) орун алган Акса мечитинин чептеринин жанындагы тарыхый Мусулман Баб эл-Рахме көрүстөнүн басып кирип палестиналык эки жаш уланды токмоктоп кармап кетти.
Кудустун мусулман көрүстөндөрү кеңешинин төрагасы Мустафа Абу Зехра, Израилдин Табият башкармалыгына караштуу топтордун Баб эл-Рахме көрүстөнүнө кирип барып бул жердеги теректерди кыйганын түшүндүрдү.
Абу Зехра, палестиналык эки жаш уландын бул топту токтотууга аракет кылганын, бирок Израиль полициясы тарабынан токмоктолуп кармалып кеткенин белгиледи.
Көрүстөндө 400 шейит көрүстөнү орун алганын баса белгилеген Зехра, бул кишилердин 1967-жылы Араб-Израиль согушунда шейит болгондорун жана бул жердин көрүстөнгө айландырылышы боюнча токтомдун басып алуудан мурда ал убактагы Палестина мэриясы тарабынан чыгарылганын эске салды.
Тектеш кабарлар
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.